НАРЫНДА ОКУУЧУЛАР АТА-ЭНЕЛЕРИ МЕНЕН БИРДИКТЕ «БИРГЕ ОКУЙБУЗ» ТАЙМАШЫН ӨТКӨРҮШТҮ
Нарын шаарындагы Сагынбай Орозбаков атындагы Нарын облустук китепканасында В.П.Чкалов атындагы №2 орто мектебинин окуучулары ата-энелери менен бирдикте 2 команда болуп, «Бирге окуйбуз» таймашын өткөрүштү.
Иш-чаранын максаты — балдарды китепке жакындатуу, китеп окууга кызыгуусун ойготуу, аймактан чыккан белгилүү балдар жазуучусу Шүкүрбек Бейшеналиевдин ысымын балдарга арналган чыгармаларын жайылтуу.
2-апрель күнү «Китеп — менин тунук булагым» аталышындагы китеп жумалыгынын ачылышы болгон. Жумалык Ш.Бейшеналиевдин «Мүйүздүү козу» чыгармасы менен жыйынтыкталды. Мында окурмандар ата-энелери менен чыгарма боюнча түзүлгөн суроолорго жооп берип, макалдарды улап, алардын маанисин түшүндүрүп, жөнөкөй сөздөрдөн жомок түзүп, шамдагайлыгын, эптүүлүгүн, эстафета оюндарын көргөзүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар ыр-бийлерин тартуулап, келген коноктордун көңүлүн көтөрүштү.
Бул таймашка китепкана жетекчилери калыстык кылышып, жеңүүчү команданы өзгөчө белектер менен сыйлашты. Даярдаган мугалимдерге ыраазычылык кат жолдошуп, бардык катышуучуларга китеп белек кылышты
Комментарии